Microsoft 200гө жакын IT-адисти жасалма интеллектке алмаштырат

Дүйнө 17 июль 2025 11:11
Microsoft 200гө жакын IT-адисти жасалма интеллектке алмаштырат
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 17.07.25 /Кабар/. Microsoft корпорациясы Candy Crush оюну менен белгилүү болгон King студиясындагы 200гө жакын кызматкерди кыскартууну пландап жатат. Бул адистердин ордун алар өздөрү түзүүгө катышкан жасалма интеллект алмаштыра тургандыгын Газета.ру жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, негизинен оюн деңгээлдерин долбоорлоо жана текст жазуу (копирайтинг) бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыскартылат. Дал ушул бөлүмдөр жараткан ИИ куралдары азыр алардын жумуштарын мурдагыдан да натыйжалуу аткара алышат.

Ички кызматтык катта бул кыскартуулар «бизнести кайрадан өсүш жолуна кайтаруу» жана башкаруу баскычтары менен жыйындардын санын кыскартуу максатында жасалып жатканы айтылат.