Мөңгүлөрдү сактап калуу бүгүнкү күндүн башкы талабы – эколог

Экология Загрузка... 10 Декабрь 2025 16:20
WhatsApp Image 2025-12-10 at 15.21.15.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Мөңгүлөр - биздин улуу мурас жана келечек муундардын жашоосун камсыздаган негизги булак. Бул тууралуу “Жашыл энергетика” коомдук фондунун төрайымы Анара Султангазиева "Кыргызстандын суулары, тоолору жана мөңгүлөрү, туруктуу келечек" эл аралык конференциясында билдирди.

Эколог белгилегендей, учурда дүйнөдө эң маанилүү болуп турган маселе - экосистеманын туруктуулугун сактоо.

“Өлкө башчысы Садыр Жапаров БУУнун климат боюнча жыйындарында дайыма “Тоолуу мамлекеттерге көңүл буруңуздар. Тоо экосистемасын сактап калалы” деп белгилеп келет. Анткени, тоолор - баарыбыздын байлыгыбыз, жашообуздун өзөгү. Ошондой эле мөңгүлөр, токойлор жана эң башкысы суу ресурстары.

Учурдагы климаттын өзгөрүшү мурдагы доктриналар менен концепцияларды кайра карап чыгууга мажбурлап жатат. Мөңгүлөр толугу менен эрип кеткенден кийин эмес, дал азыр чара көрүү зарыл. Тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу, адаптация чараларын көрүү, ага багытталган иш-чараларды өткөрүү - убакыт талабы.

Мунун эң башында мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы турат. Ушунун алкагында Ысык-Көлдү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча атайын фонддорду түзүү сунушталууда. Бүгүнкү иш-чара да ушул багыттагы маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

Биз суунун башында турган өлкөбүз. Ошондуктан суунун тарифтерин кайрадан карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары, мөңгүлөрдөн агып келген сууларды жоготуудан сактоо боюнча да системалуу чаралар талап кылынат”,-деди Султангазиева.