Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Meta компаниясы Австралияда 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө таандык болушу мүмкүн деген 756 миңге жакын аккаунтту бөгөттөдү. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берип АЗЕРТАЖ жазды.
Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылдын декабрынан быйыл июнь айына чейин Instagram`дагы 462 миң жана Facebook`тагы 294 миң шектүү аккаунт өчүрүлгөн.
Австралияда 16 жашка чейинкилердин социалдык тармактарда аккаунт ачышына тыюу салган мыйзам 10-декабрда күчүнө кирген. Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдык тармактардын физикалык жана психикалык саламаттыгына тийгизген таасирине байланыштуу тынчсыздануулардан улам кабыл алынган.
Meta буга чейин мыйзамга каршы чыккан социалдык платформалардын катарында болсо, учурда Австралиянын жаңы талаптарын аткарарын билдирди.
Мыйзамды бузган платформалар үчүн максималдуу айып пул 69,75 млн долларга чейин көбөйтүлүп, көзөмөлдөөчү органга компаниялардан тиешелүү документтерди талап кылуу боюнча кеңири ыйгарым укуктар берилген.