Месси "Интер Майами" менен келишимин 2028-жылга чейин узартты

Дүйнө Загрузка... 24 Октябрь 2025 10:45
WhatsApp Image 2025-10-24 at 08.35.34.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Месси "Интер Майами" менен келишимин 2028-жылга чейин узартты.

АКШ клубунун сайтындагы маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу Лионель Месси "Интер Майами" менен жаңы келишимге кол койду.

Келишим 2028-жылга чейин түзүлдү.

38 жаштагы чабуулчу келишимге кол койгонуна жана "Интер Майами" үчүн ойногонуна абдан кубанычта экенин билдирген.

Месси 2023-жылдын жайында "Интер Майамиге" "Алтын топтун" сегиз жолку ээси катары кошулган.

Жалпысынан аргентиналык легенда "Интер Майами" үчүн 82 беттеште 71 гол киргизип, 44 голдук пас берген, бул клубдун рекорду.

Мындан тышкары, келишимдин узартылышы Месси жана "Интер Майами" үчүн маанилүү. Анткени 2026-жылы клуб Майаминин борборундагы жаңы үйү "Майами Фридом парк" стадионуна көчүп барат.

Месси - дүйнө чемпиону, Аргентина курама командасы менен эки жолу Америка кубогунун ээси жана "Барселона" жана "Пари Сен-Жермен" менен бир нече мелдештердин ээси.