Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Аргентиналык футболчу Лионель Месси 17-ирет “Алтын топ” сыйлыгына ат салышууда.
Интерфакс маалымдагандай, сыйлык жыл жыйынтыгы боюнча мыкты футболчуга ыйгарылат.
Месси – “Алтын топтун” сегиз жолку жеңүүчүсү. Ал бул сыйлыкка карьерасында 17-жолу көрсөтүлүүдө. Ал эми португалиялык футболчу Криштиану Роналду бул сыйлыкка 18 жолу көрсөтүлүп, беш ирет “Алтын топтун” ээси болгон. Быйыл ал тизмеге кирген эмес.
Белгилей кетсек, "Алтын топ" Лондондо 26-октябрда берилет.