Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. “Менин шаарым” тиркемесин колдонгондордун саны жарым миллиондон ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков коллегияда билдирди.
Анын айтымында, Санариптик технологиялар борбору Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
Жаңыртылган версияда коомдук транспорттун жайгашкан жерин реалдуу убакытта аныктоо, ошондой эле транспорттун кыймылын эске алуу менен түз жана которулма каттамдарды түзүү мүмкүнчүлүгү каралган.
“Бүгүнкү күндө “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучуларынын саны 531,4 миң адамга жетти. Шаарды санариптик трансформациялоонун алкагында “Автоэвакуатор” жана каттамдарды, транспорттун келүү убактысын көрсөткөн жана үн аркылуу коштоону колдогон “Акылдуу аялдама” системалары ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат”, - деди ал.
Ошондой эле Байгончоков белгилегендей, “Менин шаарым” тиркемесине интеграцияланган ижарачынын жеке кабинети менен “Муниципалдык мүлк” маалыматтык системасы иштелип чыкты.
"Бул мүмкүнчүлүк ижарачыларга документтерди тариздөө убактысын кыйла кыскартууга, төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүгө жана муниципалдык мекемелерге жеке баруунун, кагаз жүзүндөгү документтерди колдонуунун зарылдыгын жоюуга шарт түзөт", - деп кошумчалады.