Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Ямайка менен Кубаны каптаган “Мелисса” ураганы акыркы 90 жыл ичиндеги эң күчтүү бороон болду. Бул тууралуу Франс Пресс агенттигинин метео маалыматтарына таянып, РИА Новости билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, “Мелисса” буга чейин 1935-жылы болгон ураганды кайталап, рекорд койду. Ошол учурда да шамалдын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга жакын болгон.
АКШнын Урагандарды көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун (NHC) маалыматына ылайык, буга чейин үчүнчү категорияга чейин жеткен “Мелисса” Кубага жакындаган сайын кайра күч алып, төртүнчү категорияга жеткен.
Ошондой эле бул бороон Кубанын Сантьяго-де-Куба провинциясына жеткенде максималдуу ылдамдыгы саатына 195 чакырымга жеткени кабарланды.