Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо боюнча квалификациялык тестирлөөнүн биринчи этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, квалификациялык талаптарга жооп берген 1730 талапкердин ичинен 1416сы тестирлөөгө катышып, алардын 1102си белгиленген 60 пайыздык босого көрсөткүчтөн жогору жыйынтык көрсөттү. Натыйжада тестке катышкандардын 77,8 пайызы биринчи этаптан ийгиликтүү өттү.
Ийгиликтүү өтүү көрсөткүчү жалпы билим берүү уюмдарында – 85%, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – 64%, башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында – 85%, ал эми балдарга кошумча билим берүү уюмдарында 87% түздү.
Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлүп, жүйөлүү себептер менен катыша албаган талапкерлер үчүн 31-июлда резервдик тестирлөө уюштурулду.