Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров бүгүн парламенттин жыйынында эртең менен туруп, маалымат окуу коркунучтуу болуп калганын айтты.
Эл өкүлү Бишкектеги мектептердин биринде окуучу кыздын, ал эми абакта эки соттолуучунун өлүмү тууралуу маселени көтөрдү.
"Эмне үчүн мектептерде балдар менен иштешкен психологдор жок? Эмне үчүн Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге психологдорду киргизүүгө Финансы министрлигинен каражат сурабайт? Өзүнүн милдетин билбеген жетекчилердин эмне кереги бар? Эгер алар ишти аткара албаса анда ордун бошотуп беришсин", - деди депутат.
Эскерте кетсек, күн мурун Бишкектеги мектептердин биринде 14 жаштагы окуучу кыз классташынын соккусунан каза болгон. Ошол эле күнү абактарда эки соттолуучу каза болгону айтылган.