Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө "Президенттин сыймыгы” сертификаты жана ноутбуктар тапшырылды

Коом 346 21 Июль 2026 10:40
6a5f120aab5e8-thumb.jpg
6a5f121d68a76-thumb.jpg
6a5f121d8266d-thumb.jpg
6a5f121dac4fa-thumb.jpg
6a5f121dbdeae-thumb.jpg
6a5f121e249ce-thumb.jpg
6a5f122c6d43e-thumb.jpg
6a5f124b88668-thumb.jpg
6a5f1226d2d44-thumb.jpg
6a5f1226e995d-thumb.jpg
6a5f12046dd39-thumb.jpg
6a5f12126fd71-thumb.jpg
6a5f12268ab79-thumb.jpg
6a5f122688f2b-thumb.jpg
6a5f1227601dc-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6a5f120aab5e8-thumb.jpg
6a5f121d68a76-thumb.jpg
6a5f121d8266d-thumb.jpg
6a5f121dac4fa-thumb.jpg
6a5f121dbdeae-thumb.jpg
6a5f121e249ce-thumb.jpg
6a5f122c6d43e-thumb.jpg
6a5f124b88668-thumb.jpg
6a5f1226d2d44-thumb.jpg
6a5f1226e995d-thumb.jpg
6a5f12046dd39-thumb.jpg
6a5f12126fd71-thumb.jpg
6a5f12268ab79-thumb.jpg
6a5f122688f2b-thumb.jpg
6a5f1227601dc-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган окуучуларга “КР президентинин сыймыгы” сертификаттары тапшырылды. Алардын катарында “Алтын сертификаткатка” ээ болгон 56 окуучу жана ЖРТдан жогорку балл алган 20 окуучу бар.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырып, куттуктоо сөзүн окуду. Ал окуучуларды сертификаттарды алышы менен куттуктап, алар өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекет бүгүнкү күндө күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруп жатат. Мында биринчи кезекте адам ресурсу, анын ичинде балдардын келечеги жана билим алуусу маанилүү.

“Кайсы жерден кандай гана билим алсаңар дагы улуттук өзөгүбүздү, ата-бабалардын нарк-насилин, эне тилин, тарых-таржымалын, маданиятын билип, мекенчил инсан болушуңар шарт.

Ар дайым жүрөгүңөр Кыргызстан деп согушу керек.

Бүгүн алып жаткан сертификаттарыңао жашооңордогу жарык шам чырак экенине шек жок. Араңарда жаңы Кыргызстандын жаратмандары, акылгөйлөрү, алдыга тартуучулары отурат.

Баскан кадамыңар шыдыр жана жолуңар ачык болсун! Ак жол, силерге!”-деген куттуктоону айтты минкаб башчысы.

Иш-чарада ошондой эле, бүтүрүүчүлөргө “Apple MacBook air 15.3” үлгүсүндөгү заманбап ноутбуктар белекке берилди.