Мексикадагы крематорийден 381 адамдын сөөгү табылды

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-06-30 at 10.18.57.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 30.06.25 /Кабар/. Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында жайгашкан мурунку крематорийден 381 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу La Jornada гезитине жарыяланганын Риа новости агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, крематорий мурда жергиликтүү агенттиктерге кызмат көрсөтүп келген. Бирок, ал жерде маркумдардын денелери кремация кылынбай, туугандарына башка адамдардын күлү берилип жүргөндүгүн тергөө иштери көргөзгөн.

Мунун негизинде кармалган мекеменин ээси менен бир кызматкерге адам сөөгүнө туура эмес мамиле жасоо, санитардык эрежелерди бузуу, уруксаты жок көмүү жана алдамчылык беренелери боюнча айып тагылды.

Тергөөчүлөр эми крематорий менен иштешкен башка агенттиктерди да текшерип жатышат деп айтылат маалыматта.