Мексикада жол кырсыгынан 20дан ашык адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2025 09:40
WhatsApp Image 2025-05-15 at 06.30.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Мексикада жол кырсыгынан 20дан ашык адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, Мексикадагы Куакнопалан–Оахака магистралында ири жол кырсыгынан кеминде 21 адам көз жумду.

Штаттын ички иштер министри Пуэбла Самуэль Агилар Пала үч унаанын катышуусунда болгон кырсыкта дагы бир канча адам жаракат алганын билдирди.

"Алгачкы маалыматтарга ылайык, 18 адам жеринде каза болду, дагы үч киши ооруканада көз жумду. Жаракат алгандар медициналык көзөмөлдө", - деди ал.

Кырсык күн мурун Куакнопалан–Оахака магистралынын 31-чакырымында катталган.