Мексикада суу ташкындарынан улам каза болгондордун саны 72ге жетти

Дүйнө Загрузка... 18 Октябрь 2025 10:52
WhatsApp Image 2025-10-18 at 10.13.18.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.10.25 /Кабар/. Мексикада суу ташкындарынан улам каза болгондордун саны 72ге жетти. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, адам өлүмү көбүнесе Веракрус штатында катталды. Ошондой эле азырынча 48 адам дайынсыз жоголгондордун катарында.

Өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактары эң көп жабыр тарткан. Куткаруу жана издөө иштерин жүргүзүү улантылууда. Жүздөгөн адамдар эвакуациялык борборлорго жайгаштырылган.

Тынымсыз жааган жамгыр дарыялар менен агын суулардын деңгээлинин кескин жогорулашына алып келгени айтылды.