Мексикада кыргызстандык жаран жүрөк оорусунан каза болду

Кырсык Загрузка... 08 Май 2025 09:36
a06750bc-6bba-3361-aeea-63b169da7f41.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Мексика Кошмо Штаттарынын Мехико шаарында Б.Р. аттуу Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жүрөк оорусунан улам каза болгон. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга өз убагында жеткирүү жана анын жакындарына керектүү жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги маркумдун жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо.