Мексикада күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 01 Июль 2026 11:23
images (4).jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Мексиканын Юкатан штатында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына таянып, Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Юкатан штатындагы Эль-Прогресо шаарынан түштүк-батышты карай 75 чакырым алыстыкта, деңизде жайгашкан. Силкинүүнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске салсак, буга чейин 24-июндун кечинде жана 25-июндун таңында Венесуэлада 7 баллдан ашкан эки жер титирөө болуп, көптөгөн турак жайлар жана башка инфраструктуралар кыйраган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан каза болгондордун саны 1943 адамга жетти.