Мексикада автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 41 адам каза тапты — Кабар

Мексикада автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 41 адам каза тапты

Дүйнө 10 февраль 2025 09:46
Мексикада автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 41 адам каза тапты
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Мексикада автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, 41 адам каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жол кырсыгы Табаско штатында катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, жүргүнчү ташыган автобус менен кагышкан.

Анын кесепетинен улам эки транспорт каражаты тең күйүп кеткен.

Автобуста 48 адам болгону айтылууда. Каза болгондордун арасында 39 жүргүнчү жана эки айдоочу бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, издөө иштери уланууда. Азырынча 18 адамдын сөөгү таанылды.