"Мекеним 1+1" программасы: Баткендик мигранттын ийгиликтүү ишкердиги

Аймак Загрузка... 05 Февраль 2026 16:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Баткенде мигранттар мекенине кайтып, "Мекеним 1+1" программасы аркылуу бизнести өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бүгүн эмгек министри Канат Сагынбаев Баткен шаарында пилоттук "Мекеним 1+1" программасынын катышуучусу менен жолугуп, анын ишке ашырылышы менен таанышты. Программа чет өлкөдө иштеп тапкан каражатын Кыргызстанда бизнеске жана узак мөөнөттүү долбоорлорго инвестициялоону каалаган эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.

"Мекеним 1+1" механизми мигрант тарабынан тең өлчөмдө салым кошуу шарты менен гранттык жардам көрсөтүүнү карайт. Каражаттар жеңил өнөр жай, туризм, билим берүү, IT, өндүрүш, транспорт жана логистика тармактарында бизнести өнүктүрүүгө багытталат.

Бүгүнкү күндө 59 мигрант грант алып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүп жатышат. Мисал катары Азатбек Заирбековдун "Бон Экспрессо" кофейнясын айтууга болот. Ал 500 миң сом өз каражатын салып, 206 миң сом грант алган жана күнүнө орточо 9 миң сом киреше табууда.

Канат Сагынбаев программанын жумуш орундарын түзүүдө, экономиканы чыңдоодо жана ишкерликти колдоодо натыйжалуу экенин белгиледи.

Баткен облусунда 38 адам долбоорго катышып, бул программага болгон жогорку ишенимди жана аймактын ишкерлик потенциалын көрсөтүп турат.