Мээримден өксүгөн бир муун. Эмгек мигранттарынын балдары эмнеге муктаж?

Коом Загрузка... 28 Апрель 2025 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда эмгек миграциясы коомдун социалдык-экономикалык абалы үчүн чоң мааниге ээ. Көптөгөн жарандар чет өлкөгө кетүү менен киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, үй-бүлөлөрүн камсыздап жатат. Бирок муну менен катар эле миграциянын кесепеттери да жок эмес. Андан жабыр тарткандардын сап башында – эмгек мигранттарынын Кыргызстанда калган балдары турат. Мындан улам бул балдарды ЮНИСЕФ уюму балдардын эң аялуу тобуна киргизген.

Ошондой эле Юнисеф уюму туугандардын кароосундагы же интернаттык мекемелерде калган мигранттардын балдары катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк кабылаарын, ата-энесин узак мөөнөт көрбөгөн балдарда психологиялык жана социалдык көйгөйлөр пайда болорун белгилеген.

Ал эми “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери – Таалай Жакыпов жалпы балдар жана ата-энеси чет жерде жүргөн балдар тууралуу төмөндөгүдөй оюн айтат:

Мурун кыргыз элинде бала төрөлүп жатканда чоң энелер баланы тосуп алып, дароо көкүрөгүнө салчу. Бул учурда ымыркай ааламда жылуулук, мээрим, колдоо бар экендигин сезчү. Бул жөн жерден жасалчу эмес. Азыркы учурда балдарга жетишпей жаткан нерселер – дал ошол ата-эненин жакындыгы, мээрими, жылуулугу болууда. Эң башкы көйгөйүбүз ата менен уулдун, эне менен кыздын, жалпы бала менен ата-эненин ортосундагы жакындыкты, байланышты жоготуп жибергенибизде. Бирок, бул маселе бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө да бар.

Ошондой эле ата-энеси мигрант болуп кеткен балдар кабылган кыйынчылыктардын эң негизгилери - ата-эне мээриминин, сүйүүсүнүн жетишпестиги. Анткени алардын ортосунда жакындык жок, түздөн-түз баарлаша алышпайт. Мындан улам көкүрөгүндө сагынычы, куса жана ызасы болот. Бул нерселер болгондо бала стресске, депрессияга түшө баштайт. Мисал катары айтсам, апасы Россияга кеткен бала кант диабети менен ооруп калган учур да катталган.

Буга социалдык тармактар дагы кошумча болуп таасирин тийгизет. Анкени, балдар ал жактан бактылуу балдарды көрүшөт. “Ата-энем менен”, “мени атам жакшы көрөт, апам жакшы көрөт”, “бир жактарда жүрөбүз” деген сүрөт-видеолорду көргөндө балада меники эмнеге мындай эмес деген ой жаралбай койбойт.

Муну менен катар эле бала менен ата-эненин ортосунда жакындык жок болсо бала аны башка жактан издей баштайт. Мигрант ата-энелердин бирөөсү, “5 жыл мурун миграцияга кетип, балдарды чоң ата, энесине таштап кеткенбиз. Эми кайтып келдик. Үйдө бардыгы жетиштүү. Бирок, балабыз телефондон чыкпай атат” дейт. Мындай сөздү көп ата-энелер айтат. “Балам биз менен сүйлөшпөйт, сүйлөшкүсү да келбейт, ал тургай бизге жологусу келбейт” деп кайрылышат. “Телефон тиктеп жатат” деп негизги көйгөйдү телефонго такашат. Бирок, көйгөй телефондо эмес. Бул убагында жетпей калган сүйүү. Аны толуктап, балага туура багыт бериш керек.

Мисалы, мигрант ата-энелер “Мен аргасыздан чет өлкөдө жүрөм. Жакында барам. Сени сагындым. Жакшы жүрө гой” деп жылуу сөзүн айтып, баласынан кечирим сурашы керек. Анткени, сөздүн айырмасы бар. Ата-энелер тескерисинче милдет кылып догурунганды жакшы көрөт. Мындай ыкма таптакыр болбойт.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар кайдан башталат? Баланы таштап чет өлкөгө кетип калгандын өзү зомбулука кирет. Балдар, айрыкча өспүрүмдөр депрессияда жүргөн болот. Депрессияда жүргөн бала же агрессивдүү болот, же өзүн курмандык катары сезип жалдырама, ээрчиме болуп калат. Мындан улам ар кандай зомбулуктардын курмандыгы болуп калышат.

Биздин борбордун максаты – балдардын ички күч-кубатын көтөрүп, келечекке болгон көз карашын калыптандыруу. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Атайын сабактар өтүлөт. Бала кимдин колунда калса ошол адамдар менен, ата-энелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Миграцияда эмес, баланын жанында жүргөн ата-энелер деле баланы “жоготуп” алышат. Ортодо жакындык болбой калат. Мындайда биринчи кезекте ата-эне түшүнүп, биринчи кадамды ташташы керек”, - деп сөзүн жыйынтыктайт адис.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо үчүн жалпысынан 287 150 үй кыдырылган. Мунун натыйжасында мигрант ата-энелерге тийиштүү 84 542 бала аныкталып, анын 70 025и (82,8%зы) тышкы мигранттардын, 14 517си (17,2%зы) ички мигранттардын балдары болгон. 1 076 бала туугандык байланышы жок адамдар менен жашаган, 6 бала билим албай жүргөн, 123 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон. Ошондой эле зордук-зомбулукка кабылган 12 бала аныкталган (2 – физикалык, 3 – сексуалдык, 7 – психикалык).

Мигрант ата-энелерге таандык балдардын ичинен 408 бала алдын ала камкорчулукка, 405 балага соттун чечими менен камкорчулукка алынган, 22 бала фостердик үй-бүлөлөргө, 14 бала интернат тибиндеги балдар мекемелерине жөнөтүлгөн. 6 бала билим алуу үчүн мектептерге кайтарылып, 69 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилген.