Мээрим Жуманазарова Албаниядагы рейтингдик турнирде күмүш медалга татыды

Спорт Загрузка... 28 Февраль 2026 11:33
FB_IMG_1772256807723.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Мээрим Жуманазарова Албаниядагы MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мээрим 68 кг чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финал баскычынан баштап, алгачкы беттештеринде АКШнын өкүлдөрү Дестин Рене (11:0) жана Солин Николь Пирсини (10:0) ири эсеп менен мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Түркиянын балбаны Нерсин Бас менен кез келип, 8:4 эсебинде үстөмдүк кылды.

Чечүүчү финалдык беттеште Болгариянын спортсмени Юлиана Яневаны 0:2 эсебинде жеңилип калды.