Медер Алиев төраганын биринчи орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 26 февраль 2026 15:50
Медер Алиев төраганын биринчи орун басары болуп шайланды
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Анын талапкерлиги үчүн 74 депутат макул деп добуш берсе, 3 депутат каршы болду.

Эскерте кетсек, ал бүгүн өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшырган Чыңгыз Ажибаевдин ордуна шайланды.