Медер Алиев: Бардык кыргызстандыктар улутуна карабай аскерде кызмат өтөшү керек

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Май 2025 11:50
hd-17477174128.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Бардык кыргызстандыктар улутуна карабай мекен алдындагы милдетин аткарып, аскерде кызмат өтөшү керек. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев билдирди.

Депутаттын айтымында, Союз тарагандан кийин бардык республикалар армиясын, куралдуу күчтөрүн, коргонуусун чыңдай баштаган. Ал эми Кыргызстандын биринчи президенти “Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз, куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоонун кереги жок” деп айтып, армияга тийиштүү көңүл бурбай калган.

“Бирок бул туура эмес. Ар бир мамлекеттин күчтүү армиясы жана коргонуусу болушу керек. Биз көп улуттуу өлкөбүз, анда бардык элдер чогуу жана тынчтыкта жашайт. Эч кандай бөлүнүү болбошу керек - расалык да, этникалык да. Бардык адамдар бирдей. Бирок, укуктар менен бирге милдеттери да бар. Мекен алдындагы милдетти аткаруу маселеси боюнча да бардыгы бирдей. Башка улуттун жаштары да кызмат кылууга тийиш", - дейт депутат.

Башка депутаттар да кесиптешин колдоп, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жашаган башка улуттун жаштары аскерге барбай жатканын белгилешти.