Масуда Айдарбекова Ош мэриясынын аппарат жетекчиси болду

Кадрлар жана дайындоолор 24 апрель 2025 15:10
Масуда Айдарбекова Ош мэриясынын аппарат жетекчиси болду
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Ош шаарынын мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.