Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Массалык башаламандыкка чакырык таштаган деструктивдүү күчтөрдүн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы учурда социалдык тармактарда энергетикалык каатчылык жана чет элдик жарандардын жүрүшү тууралуу тастыкталбаган жана адаштыруучу маалыматтарды жарыялаган жана тараткан анонимдүү, жалган аккаунттардын көбөйүшү байкалууда. Буга байланыштуу атайын кызмат мындай кылмыштуу аракеттерди аныктоо жана алдын алуу боюнча комплекстүү аракеттерди көрүүдө.
Тактап айтканда, Instagram жана Threads тармактарындагы "predator4407" аккаунтунун администратору, 1979-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.Д.С. деген жаран аныкталды. Ал өлкө сыртындагы деструктивдүү күчтөр менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөсү менен бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандык уюштурууга чакырыктарды жарыялап, мамлекеттик органдардын жетекчилери тууралуу жашыруун маалыматтарды чогултуп келген.
Мындан тышкары, А.Д.С. өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карата жарандардын арасында терс пикирлерди жана нааразычылыкты жаратуу максатында социалдык тармактарда 20дан ашык жасалма аккаунт түзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы учурдагы жаңылыктардын астына атайылап провокациялык комментарийлерди калтырган.
Бул факты боюнча "Массалык башаламандык" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, А.Д.С. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда деструктивдүү күчтөрдүн башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.