Массачусетст штатынан узундугу 4,5 метрге жакын акула табылды

Дүйнө Загрузка... 30 Июль 2025 08:55
60139550-d9be-43a4-bc12-9d75b9195d3c.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. АКШдагы Массачусетст штатынын жээгинен узундугу 4,5 метрге жакын жана салмагы 700 килограммдан ашкан акула табылды. Бул тууралуу CBS News телеканалына таянып, Рамблер агенттиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, акуланын аты — Contender. Аны OCEARCH уюму 2025-жылдын январь айынан бери байкоого алып келе жатат. Башында бул акула Жоржия штатынын жээгинен байкалып, кийин түндүк тарапка жылган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Contender түндүк-чыгыштагы салкын жана балыкка бай сууларга багыт алган болушу мүмкүн. Ага атайын белги коюлуп, аны кийинки беш жыл ичинде кайда жүргөнүн көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул окумуштууларга акулалардын көчүүсү тууралуу көбүрөөк маалымат алууга жардам берет.