Чип орнотулган бейтап акылы менен робот колду башкарууну үйрөндү

Дүйнө Загрузка... 09 Октябрь 2025 13:00
owl_detail_620_75f0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Нейралинк чибин салдырган америкалык Ник Рэй, робот колду иштетүүнү үйрөнгөнүн анын социалдык тармактардагы баракчаларына шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыгышты.

Америкалык Ник Рэй — Neuralink компаниясынын мээсине чип орнотуу боюнча клиникалык сыноосуна катышкан сегизинчи адам. Ал, каптал амиотрофиялык склероз менен ооруган адам, мойнунан ылдый шал болуп калган. Бирок жаңы технологиянын жардамы менен ал роботтук манипулятордун жардамында стаканды кармап, аны кыймылдатып, ошол эле учурда маектештери менен сүйлөшө алганын видеодо көрсөттү.

Сынактын катышуучусунун айтымында, ал робот колду жылдырып, манжаларын кысып жана бошото алат — мунун баары ой күчүнүн жардамы менен ишке ашууда.

«Мен көп жылдан бери биринчи жолу өзүмдүн шапкамды кийе алдым! Микротолкундуу мешке наггетси жылытып, жедим! Муздаткычты ачып, банкалардын капкагын ачып-жабууну үйрөндүм!» — деп кубанычы менен бөлүштү Рэй.

Ошондой эле ал манипуляция боюнча тестти да ийгиликтүү тапшырганын айтып, 5 мүнөттө столдун үстүндөгү 39 буюмду жылдыра алганын белгиледи. Бирок бул жетишкендик оңойго турбаганын кошумчалады.

«Жаңы көндүмдөрдү үйрөнүү үчүн күнүнө 8 сааттан машыктым. Бул укмуштуу долбоор жана мен анын бир бөлүгү болгонума абдан ыраазымын», - деди Ник Рэй.