Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Илон Маск Tesla компаниясынын адамга окшош Optimus роботу жакырчылыкты жоюп, ар бир адамды медициналык жардам менен камсыз кыларын билдирди.
"Optimus жакырчылыкты жок кылат жана бардыгы үчүн жалпы жогорку кирешени камсыздайт", - деп жазды Маск өзүнө таандык болгон X (мурунку Twitter) социалдык тармагына.
Optimus — бул Маскка таандык Tesla компаниясы тарабынан иштелип чыккан гуманоид робот. Optimus'тун биринчи прототиби 2022-жылдын октябрь айында, ал эми Optimus Gen 2 деп аталган кийинки версиясы 2023-жылдын декабрь айында көрсөтүлгөн. 2025-жылдын ноябрь айындагы Tesla акционерлеринин жыйынында Маск Optimus'тун V3 деп атаган жаңы версиясын 2026-жылдын биринчи чейрегинде сунуш кылууга убада берди.
Маск ошондой эле америкалык блогер жана крипто-ишкер Марио Науфал жарыялаган видео менен бөлүштү. Ал видео 6-ноябрдагы Tesla`нын акционерлеринин жыйынында тартылган.
Видеодо Маск бир гана Optimus роботу адамзатты жакырчылыктан куткарып, ар бир адамга медициналык жардам көрсөтө аларын айтат. Анын айтымында, робот акырында эң мыкты адам-хирургду да артта калтырат, анткени анын тактыгы адамдын тактыгынан кыйла жогору.