"Маселени чечип беребиз" деп 10 миң доллар алган алдамчылар колго түштү

Укук тартиби 896 13 Январь 2026 10:57
615905390_1276761064472892_4395869272652846371_n.jpg
615161388_1276761061139559_6183113292084244402_n.jpg
615840718_1276761067806225_1339439606988496414_n.jpg
Алдыга
Артка
615905390_1276761064472892_4395869272652846371_n.jpg
615161388_1276761061139559_6183113292084244402_n.jpg
615840718_1276761067806225_1339439606988496414_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырган алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башында Ички иликтөө кызматына К.А.аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 миң доллар алып, тергелип жаткан кылмыш ишин "оң жагына чечип беребиз" деп убада кылган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин аткарбай, акча каражатын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген.

Аталган факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалган. Ал эми дагы бир шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду.

Иликтөө иштери улантылууда.