Мас айдоочуларга жаза күчөйт. Мыйзам долбоору II окуудан өттү

Жогорку Кеңеш Загрузка... 11 Март 2026 15:35
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбооруна ылайык, мас абалында жол кырсыгына себепкер болуп, адам өлүмүнө алып келген айдоочулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Мындай учурда жабырлануучу тарап менен келишип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу мүмкүнчүлүгү жоюлат.

Ошондой эле мопеддер механикалык транспорт каражаттарына теңелип, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк жана мамлекеттик каттоо номери милдеттүү болот.

Талкуу учурунда депутаттар бул нормалар курьердик кызматта иштеген жарандарга кыйынчылык жаратпашы керектигин жана ишке ашыруу механизмин так иштеп чыгууну белгилешти.