Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Марстан түшкөн 25 килограмм салмактагы таш сатылат. Бул тууралуу Report кабарлайт.
Маалыматка караганда, 16-июлда Sotheby's аукциону Марстан Жерге түшкөн ташты аукционго коет.
Лоттун болжолдуу баасы 2 миллиондон 4 миллион долларга чейин.
Аукцион үйүнүн каталогунда ташты "Марстын Жер бетиндеги эң чоң бөлүгү" деп аталды. Таштын сыныгы астероиддин чоң соккусунан улам Марстын бетинен үзүлүп кеткен. Андан соң таш космос аркылуу 225 млн километр учуп, Сахарага кулаган. 2023-жылдын ноябрында аны аңчы таап алган.
Жерде табылган 77 миң метеориттин 400ү гана Марстыкы. Марстан табылган таштардын жалпы салмагы 374 килограммга жетет.
Аукциондо сунуштала турган башка лоттор арасында АКШдагы казуулар учурунда табылган жаш цератозаврдын 2 метр узундуктагы скелети бар. Жашы 154-149 млн жыл деп бааланат. Лот 4 миллиондон 6 миллион долларга чейин бааланат.