Марокко Палестинага 180 тонна гумжардам жөнөтөт

Дүйнө Загрузка... 31 Июль 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-07-31 at 08.35.52.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Марокко палестиналыктарга 180 тонна медициналык жана гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Maghreb Arabe Presse агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин, Известия жазды.

Маалыматта белгиленгендей, гуманитардык жардамда азык-түлүк, балдар азыктары, дары-дармектер жана хирургиялык жабдуулар, ошондой эле жууркан жана ылайыктуу чатырлар болот. Мунун баары атайын уюштурулган каттам аркылуу палестиналыктарга тез жана түз жеткирилет.

Палестина анклавынын Саламаттык сактоо министрлигинин 30-июлдагы маалыматына караганда, Газа тилкесинде тамак-аштын жетишсиздиген каза болгондордун жалпы саны 154 кишиге жетти, анын ичинде 89у балдар.