Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Жасалма интеллекттин өнүгүшү маалымат агенттиктери үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ошол эле учурда ал такталбаган маалыматтардын жайылышы сыяктуу жаңы чакырыктарды жаратууда. Бул тууралуу Россиянын ТАСС маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Марат Абулхатин Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жасалма интеллект чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууга, архивдер менен иштөөгө жана маалымат агенттиктеринин ишмердигиндеги бир катар милдеттерди ыкчам чечүүгө жардам берет.
“Жасалма интеллекттин өнүгүшү көптөгөн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал ири көлөмдөгү маалыматтарды, архивдерди иштетүүгө жана айрым иштерди тезирээк аткарууга шарт түзөт. Бирок ошол эле учурда олуттуу чакырыктар менен коркунучтар да пайда болууда”, — деди Абулхатин.
Ал белгилегендей, негизги көйгөйлөрдүн бири — жасалма интеллект технологияларын жалган маалыматтарды түзүү жана жайылтуу үчүн колдонуу болуп саналат.
“Коркунучтардын бири — жасалма интеллекттин өнүгүү ылдамдыгы фейктерге каршы күрөшүүчү инструменттердин жаралуу ылдамдыгынан алдыда бара жатканында”, — деди ТАССтын башкы директорунун орун басары.
Эксперттин пикиринде, мамлекеттер күч-аракеттерин бириктирип, жасалма интеллектти колдонуу боюнча негизги принциптерди жана багыттарды аныктаган бирдиктүү документ иштеп чыгышы керек.
“Уюмдун алкагында жасалма интеллектти колдонуу боюнча бирдиктүү меморандумду, жок дегенде жалпы принциптерди аныктаган бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу туура жана зарыл болот”, — деп билдирди ал.
Абулхатин фейктерге каршы күрөшүү маселеси журналисттердин жана саясатчылардын гана эмес, IT адистеринин, юристтердин жана эксперттик коомчулуктун да катышуусун талап кыларын белгиледи.
“Бул чоң жана тыкыр ишти талап кылган процесс. Аны канчалык эрте баштасак, ошончолук жакшы. Бул биздин мамлекеттерди жана элдерди коргоого гана эмес, уюмдун коопсуз өнүгүүсүн камсыз кылууга да жардам берет”, — деп баса белгиледи ал.
Ал ошондой эле жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн фейктер жеке адамдарга, мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга олуттуу абройдук зыян алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду.
“Журналисттер бул процесске активдүү катышуусу керек, анткени алар маалыматтык фейктердин табиятын жакшы түшүнүшөт. Ошол эле учурда жаңы ыкмаларды өлкөлөрдүн мыйзамдары жана ченемдик актылары менен байланыштырууга жардам бере турган юристтер да зарыл”, — деп кошумчалады Марат Абулхатин.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун биринчи форуму өтүүдө.
Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар”маалымат агенттиги жана Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги уюштурду.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл, анын ичинде ири маалымат агенттиктеринин жетекчилери, ЖМК өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.
Катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптештирүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашты.