Бишкек 30.05.25 /Кабар/. Аргентиналык футболчу Диего Марадонанын өлүмүнө байланыштуу айыпталгандар боюнча сот жараяны жараксыз деп табылды. Бул тууралуу TN телеканалына шилтеме кылып Рен.тв жазып чыкты.
Мындай чечимдин кабыл алынышына сот жараянына катышкан судья Хульета Макинтачтын айланасында чыккан чыр себеп болду. Ал эч ким менен макулдашпастан сот иши тууралуу документалдуу фильм тартууга уруксат берип, анда башкы каарман катары өзү катышкан.
Диего Марадона 2020-жылдын 25-ноябрында жүрөк жетишсиздиги жана өпкөнүн шишиги (өкпөдө суюктук топтолушу) себептүү каза болгон.
Окуя болгондон төрт жыл өткөндөн кийин, башкача айтканда, 2025-жылдын март айында Аргентинанын тарыхындагы эң чоң сот иши башталган. Сот алдында жооп берүүчү катары футболчунун өлүмүнө чейин аны дарылоого катышкан дарыгерлер турушкан. Күйөрмандары жана прокуратура анын өлүмүнө дал ушул медициналык кызматкерлер күнөөлүү деп эсептешет. Далилдер төрт жыл бою чогултулган.
Кийинчерээк судмедэксперттер футболчу өлөр алдында 12 саат бою азап тарткан болушу мүмкүн экендигин болжолдошкон.