Мангистауда Каспий жээгинен 279 өлүк тюлень табылды

Дүйнө Загрузка... 26 Май 2025 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Мангистауда Каспий жээгинен 279 өлүк тюлень табылды. Бул тууралуу Казинформ маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, деңиз сүт эмүүчүлөрдүн өлүктөрү Тупкараган районуна караштуу Баутино айылынын жээгинен табылган.

Облустук балык коргоо башкармалыгынын Түпкараган бөлүмүнүн башчысы Конарбай Базарбаевдин айтымында, өлүп калган тюлендер жээкке апрель айында эле чыга баштаган.

“Батыштан жана түндүк-батыштан соккон шамалдан кийин алар жээкке ыргытылат. Учурда 279 тюлендин өлүгү табылды. Өткөн аптада 117 тюлендин өлүгү табылып, жээк тазаланган. Инспекциянын кызматкерлери жергиликтүү аткаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте сөөктөрдү чогултуп, атайын полигонго алып кетүүнү улантышууда”,-деген бөлүм башчы.

Агенттик белгилегендей, жаныбарлардын массалык өлүмүнүн так себеби азырынча белгисиз. Жергиликтүү эксперттер окуяга эмне себеп болгонун так аныктай алышпайт. Бирок кээ бир тюлендерден балык уулоочу торлордун бөлүктөрү табылган. Бул браконьерликтин иш-аракетин көрсөтөт.

“Тилекке каршы, жаныбарлардын денесинен балык уулоо куралдары табылган учурлар бар. Өлүмдүн себептерин Экология жана гидробиология институтунун адистери дагы эле изилдеп жатышат, бирок көп жылдык байкоолорго карабастан, алар азырынча конкреттүү жыйынтыкка келе алышкан жок”,-деп түшүндүрөт Базарбаев.

Эске салсак, былтыр Түпкараган аймагындагы Каспий деңизинин жээгинен 2 миң 212 тюлендин өлүгү табылган.