Манас шаарында жаңы сугат системасынын курулушу 50%га аяктады

Аймак Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 10:35

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Манас шаарында жалпы узундугу 6 миң 800 метрди түзгөн суу түтүктөрү тартылып, насостук станциянын курулушу жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда курулуш иштеринин дээрлик 50 пайызы бүткөрүлдү. Долбоор аяктагандан кийин сугат суу маселеси чечилип, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоо кыйла жакшырмакчы.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аны ишке ашырууга 350 млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун ишке ашырылышы дыйкан-фермерлердин сугат сууга болгон жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.