Манаста жаңы окуу жылында 530 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 152 20 Август 2026 15:40
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Манас шаарындагы №13 Р. Азимбаев атындагы жаңы мектеп жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мектептин курулушу менен таанышуу учурунда билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептин курулушу быйыл март айында башталган. Учурда имаратта курулуш-монтаждоо, ички жасалгалоо жана фасадды бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

"Мектеп 530 окуучуга ылайыкталып, жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, жыйындар залы, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган", - деп айтылат маалыматта.

Министрдин айтымында, президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан жаңы мектептерге энергияны үнөмдөөчү заманбап технология катары күн панелдерин орнотуу да каралууда.