Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун алкагында "Жалал-Абад Түштүк" станциясы курулат. Бул тууралуу №11-1 тилкенин долбоордук башкаруу бөлүмүнүн башкы инженери Пан Вэй билдирди.
Анын айтымында, станциянын курулушун ушул жылдын октябрь айында баштап, 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Учурда долбоор жана курулуш жүргүзүлө турган аймак тиешелүү деңгээлде даярдалды.
"Жалал-Абад Түштүк" станциясы Манас шаарында жайгашат. Анда поезддердин жүрүшүн көзөмөлдөп, алардын жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк берген темир жолду башкаруу борбору түзүлөт. Ошондой эле поезддерди техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн атайын жай куруу каралган", - деди ал.
Маалыматта белгиленгендей, станциянын имараттары жана курулмаларынын жалпы аянты 45 миң чарчы метрди түзөт. Анын ичинен 6,6 миң чарчы метр жүргүнчүлөрдү тейлөөчү темир жол бекетине бөлүнөт.
Станция жайгашкан аймактагы үймө топурактын долбоордук көлөмү 2,69 млн куб метрди түзөт.