Бишкек, 20.08.26 /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарындагы ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ведомстводон белгилешкендей, Орунтаев Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө республика боюнча 540 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатканын белгиледи. Алардын басымдуу бөлүгүн билим берүү тармагындагы объектилер түзөт.
Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарындагы "Акылман" президенттик лицейинин, жаңы мектептердин, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы корпусунун жана 5200 орундуу спорт сарайынын курулуштарынын жүрүшү каралды.
Министр буга чейин башталган курулуштардын баары учурда кызуу темпте улантылып жатканын баса белгиледи.
"Мамлекет тарабынан курулуп жаткан бир да объектте курулуш иштери токтогон жок. Буга чейин башталган бардык объектилерде иштер белгиленген графикке ылайык улантылып жатат. Ар бир объекттин сапаты, курулуштун жүрүшү жана мөөнөтү министрликтин көзөмөлүндө.", — деди министр.
Объектилерди кароодо курулуштун сапатына жана бекитилген графиктин сакталышына көңүл бурулуп, тиешелүү жетекчилерге иштерди үзгүлтүккө учуратпай улантуу, сапатты көзөмөлдөө жана объектилерди өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.