Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Манас шаарында аз камсыз болгон 100 балага жаңы окуу жылына карата кийим-кече жана окуу куралдары акысыз тапшырылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов катышып, шаар бийлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Ал ошондой эле балдарга жардам көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, мындай колдоо үй-бүлөлөргө чоң жардам болорун айтты.
Белгилей кетсек, Манас шаарында мектептердин 2026–2027-окуу жылына даярдыгы да текшерилүүдө.