Манас жана Талас шаарларындагы “Акылман” лицейлери күзүндө ишке берилет

Билим Загрузка... 18 Март 2026 13:32
WhatsApp Image 2026-03-18 at 13.18.41 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.03.26 /Кабар/. Манас жана Талас шаарларындагы “Акылман” лицейлери 2026-27-окуу жылына карата күзүндө ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Акылман" лицейинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Азиреткул Асанов билдирди.

Жетекчи белгилегендей, аталган филиалдардын курулуш иштери 60%га бүткөрүлдү.

“Лицейдин Манас жана Талас шаарларындагы филиалдарына быйылкы жылы 6-класстын окуучулары 7-класска, 7-класстар 8-класска кабыл алынат.

Ал жактарда окуучулар үчүн гана эмес, мугалимдер үчүн дагы толук кандуу шарттар түзүлөт. Мугалимдер үй-бүлөсү менен көчүп барып, иштей алышат”,-деди ал.

Белгилей кетсек, “Акылман” лицейи 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган. Учурда мектеп 2026-2027-окуу жылдарына карата 6чы жана 7-класстарды кабыл алууну баштады. Конкурска өлкөнүн бардык аймактарынан окуучулар катыша алышат.