Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Манас шаарында инновациялык IT-борбордун иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, IT-билим берүүнү өнүктүрүүгө, кесиптик коомчулукту колдоого жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого багытталган.
Инвестициялардын жалпы көлөмү 20 млн 445 миң сомду түзөт. IT-борбор 2024-жылдын 12-апрелинде расмий түрдө ачылган.
“Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы IT-экосистеманы өнүктүрүүгө жана квалификациялуу кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт”, - деп белгилешти агенттиктен.