Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Манас шаарында 250 орундуу Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр борбору курулушу уланып жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, жети кабаттуу медициналык борбордун курулуш иштеринин бүгүнкү күндө 50 пайыздан ашыгы аткарылды. Ага карата 150дөн ашык жумушчу тартылган.
Белгиленгендей, долбоор Турукташтыруу фондунан 1 млрд сом өлчөмүндө каржыланып, заманбап медициналык жабдуулар менен, жүрөк-кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Жаңы медициналык борбордун ишке берилиши аймактагы калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.