Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов Кытайдын Harbin Hongguang Boiler Group компаниясынын делегациясы менен жолугуп, шаарда заманбап жылуулук электр борборун (ЖЭБ) куруу боюнча инвестициялык долбоорду талкуулады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоорго ылайык, жаңы ЖЭБ экологиялык талаптарга жооп берген технологиялар менен жабдылып, 40 МВт жылуулук жана 15 МВт электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкташтырылат. Анын негизги максаты шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу болуп саналат.
Ошондой эле Көк-Арт, Достук жана Спутник конуштарын борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу пландалып жатканы белгиленди.