Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди

Аймак 17 август 2026 13:40
Манас шаарында жаңы автобекет ишке берилди
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Манас шаарында шаардан сырткаркы каттамдарды тейлей турган жаңы автобекет ишке берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүндөн тарта Көк-Арт аймагындагы Шабданбай Абдыраманов көчөсүндө жайгашкан автобекеттен шаар аралык бардык маршруттук каттамдар жана такси кызматтары жөнөйт.

Жаңы автобекетте жүргүнчүлөр үчүн шарттар түзүлүп, коомдук транспорт жана такси унаалары үчүн атайын орундар каралган. Учурда шаардан сырткаркы каттамдарды жаңы жайга өткөрүү иштери жүрүп жатат.