Бишкек, 18.01.26. /Кабар/. Манас шаарында жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында “Түнкү өспүрүм” профилактикалык рейди өткөрүлдү.
Мэриядан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда жүргөн 40 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине жана камкорчуларына тиешелүү протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Мындай рейддер жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында мындан ары да улантылат.