Манас шаарында эки ФАП жыл аягына чейин пайдаланууга берилет

Коом 14 октябрь 2026 16:15
Манас шаарында эки ФАП жыл аягына чейин пайдаланууга берилет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Манас шаарындагы Т. Тайгараев жана М. Конгантиев муниципалдык аймактык башкармалыктарында эки фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулууда.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, курулуштарга жалпысынан 19 млн 264 миң сом жумшалат. Каражаттын 80 пайызы Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган 20 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

"Учурда эки объектте тең курулуш иштери жүрүп жатат. Жаңы медициналык пункттарды ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда",-деп айтылат маалыматта.