Манас шаарында үч ири объекттен 1 млрд сомдон ашык каражат үнөмдөлдү

Аймак 21 Август 2026 11:45
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Манас шаарында үч ири социалдык объекттин долбоордук-сметалык документтерин кайра кароонун жыйынтыгында 1 млрд сомдон ашык бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, министрлик жүргүзгөн кайра эсептөөнүн натыйжасында 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукананын курулушунан 74,9 млн сом, 5200 орундуу спорт комплексинен 479 млн сом жана "Акылман" президенттик мектеп-лицейинен 443,5 млн сом үнөмдөлгөн.

Ошондой эле "Акылман" мектеп-лицейинин курулушунда 1 чарчы метрдин баасы 1 103 доллардан 750 долларга чейин төмөндөтүлгөн.

Министрдин белгилешинче, сметаларды кайра кароонун негизги максаты курулуштун сапатын жана объектилердин функционалдуулугун сактоо менен чыгымдарды оптималдаштыруу болуп саналат.

Учурда үч объектте тең курулуш иштери улантылып, министрлик тарабынан көзөмөл жүргүзүлүүдө.