Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Манас шаарында ири спорт комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоорго ылайык, спорт комплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт.
Анда 5200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP коноктор үчүн атайын орундар, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.