Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Манас шаарында Роза Азимова атындагы мектептин 500 орундуу жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери ушул жылдын март айында башталган. Долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген шартта курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралат.
Бүгүнкү күндө мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды. Учурда имараттын сыртын жылуулоо иштери башталып, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүүдө.
Ошондой эле ички жасалгалоо иштери да жүргүзүлүп, объектте 100дөн ашык куруучу эмгектенүүдө.