Манас шаарында 5 бала бакча оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 14 10 Август 2026 16:00
WhatsApp_Image_2024-10-08_at_14.00.46_3_F7vpANW.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, №2 "Дружба" бала бакчасында терезе-эшиктер жана ашкана блогу, №12 "Жылмаюда" жылытуу системасы менен чатыр жаңыланууда.

Ошондой эле №7 "Малыш", №17 "Каакым" жана №19 "Колокольчик" бала бакчаларында оңдоо иштери жүрүп жатат.