Манас шаарында 375 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 388 29 Июль 2026 15:40
758944206_1550056829926694_2177320583695253288_n.jpg
756724810_1550056856593358_3861108895114667236_n.jpg
758830834_1550057053260005_502802246339181059_n.jpg
758896648_1550056809926696_4042560566413424305_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Манас шаарында 6 жаңы мектеп курулууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, алардын бири — Ак-Тилек кичи шаарчасында салынып жаткан 375 окуучуга ылайыкталган мектеп.

Объекттин курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын чатыры толук жабылып, ички шыбалып, сырткы жылуулоо иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, мектеп имаратынын жалпы аянты 4 200 чарчы метрди түзүп, А, Б, В жана Г блоктордон турат.

Мектеп заманбап талаптарга ылайык салынып, анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин кабинети, компьютердик класстар, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.